• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Банктар эмне үчүн валюта курсун каалагандай койгон?

26 Баш оона 2022 12:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө сын-дооматтар көбөйдү. Жарандар накталай жана накталай эмес чет элдик валютанын курсунун ортосунда айырмачылык дээрлик 3 сомго чейин чыгып жатканын айтышууда.

Ошол эле учурда кардарлар банктар накталай акча берүүдө комиссиянын өлчөмүн 5% чейин көтөрүп, которулган акчаны накталаштыруудан гана эмес, депозиттеги валютасын чыгарып алуудан дагы үстөк кармап калып жатканын билдиришүүдө.

«Эмне үчүн накталай жана накталай эмес акчанын ортосундагы баланс сакталбай жатат?» деген суроого Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредиттик уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Эрлан Абдраимов төмөндөгүдөй жооп берди.

«Азыркы убакта нак чет өлкө валютасына суроо талаптар көбөйгөндөн улам мындай жагдай жаралып жатат. Айрым коммерциялык банктар чет элдик акча ташып келүүгө кеткен чыгымдарын жабуу аракетинде. Мисалы, накталай болгондо инкассациялык кызматтарга каражат төлөп, коопсуздугун камсыз кылуу менен алып келүү кымбат чыгат. Накталай эмес каражаттар болсо которуу аркылуу келет. Ошол себептен баасы башка»,-деди Абдраимов.

Количество просмотров: 116