• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Башкы прокуратура депутаттарды суракка алууга негиз болгон кат тууралуу териштирет

22 Аяк оона 2021 18:15 Бишкек Govori.TV

«Маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу» деп интернетте тараган кат боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары суракка чакырылышынын мыйзамдуулугу тууралуу маселе 22-сентябрда парламенттин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Рыскелди Момбеков Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, жакында ишке кирген маалыматты бурмалоо тууралуу мыйзамга карабастан сурак уюштурулганын айтты:

“Бир ырчы “кара тоголок кат” менен кайрылды эле, биздин төрт депутатты Ички иштер министрлиги (ИИМ) суракка алды. Автор өзү “Бул фейк, тигилерге окуткан эмесмин, кол койгон эмес. Президенттик аппарат оңдоп коюптур, меники эмес” деп айтып жатат. Жок маалымат болуп турса да депутаттарды суракка алышты. Манипуляция болгонун автор айтып жатса иликтеп жатышат”.

Башкы прокурор Зулушев депутатка “Биз мыйзамдуулугун карап турабыз. Тактадык. Бирок фейк деп айта албайбыз, себеби арызда колу турат. Ал эми жасалмалап койгону боюнча биз териштирип, маалымат беребиз” деп жооп берди.

Количество просмотров: 181