• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Башкы прокуратура: УКМК кызматкеринин иш бөлмөсүндөгү тинтүү мыйзамга ылайык жүргүзүлгөн

7 Чын куран 2021 16:12 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бишкек шаары боюнча УКМКнын Ленин райондук бөлүмүнүн башчысынын иш бөлмөсүндө жүргүзүлгөн тинтүүнү мыйзамсыз деп таанылгандыгы боюнча интернет желесиндеги маалымат тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз баюу жана Бишкек шаарындагы кымбат баалуу жер тилкелерин колдонууга берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча тергелип жаткан өндүрүш ишинин алкагында кылмыш жасоодо колдонулган иш-кагаздардын жана буюмдардын жоготулуп кетишине реалдуу кооптонуу болгондуктан, тергөө тобунун жетекчисинин 2021-жылдын 31-мартында токтомунун негизинде Бишкек шаары боюнча УКМКнын Ленин райондук бөлүмүнүн башчысы А.Ж.нын жумуш ордуна токтоосуз тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин талаптарын толук сактоо менен өткөрүлгөн. Тинтүүнүн жыйынтыгы белгиленген тартипте бул тергөө аракетин мыйзамдуу жана негиздүү деп таап берүү жөнүндөгү өтүнүч менен Биринчи Май райондук сотуна билдирүү берилген.

Бирок, Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы А.Боромбаев өзүнүн ишке карата кызыкчылыгын көрсөтүп, анын иниси дагы УКМКнын кызматкери болгондуктан өтүнүчтү субъективдүү көз караш менен бир тараптуу караган.

Анын жыйынтыгында, сот А.Боромбаевдин 2021-жылдын 2-апрелиндеги токтому менен жүргүзүлгөн тинтүү аракеттери ойлонулуп чыгарылган мотивдерге таянылып, тинтүү протоколундагы техникалык жана майда катачылыктарга шилтеме жасоо менен жүргүзүлгөн тергөө аракети мыйзамсыз жана негизсиз деп табылган.

Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексиндеги мүчүлүштүктөргө байланыштуу жогорку турган соттук инстанцияга тергөө судьясы А.Боромбаевдин субъективдүү жана негизсиз чечимин даттанууга мүмкүн эмес.

Аны менен катар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жогорудагы фактыга мыйзам талаптарына ылайык баа берүү маселеси каралууда.

Количество просмотров: 236