• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Башкы прокурор канча айлык алат? Зулушевдин жообу

20 Чын куран 2021 11:22 Бишкек Govori.TV

Прокуратура кызматкерлеринин айлык маяналарын көтөрүү керек. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда айлык маяналарды көтөрүү коррупцияга каршы күрөштө негизги кадамдар болуп саналат.

“Айлыктар аз, ачык айтып кетсем башкы прокурордун оклады надбавкалар кошулбаганда 28 миң гана сом, орун басарлардыкы 23-25 миң сом. Облус прокурорлору 20 миң сом, райондордун прокурорлору 17,5 миң сом, орун басарлары 16,5 миң сом, жөнөкөй оператиниктер менен жардамчылардыкы 12,5 миң сом гана. Коррупция менен жигердүү күрөшөбүз десек, прокуратура таза иштесин десек айлыктарга көңүл-буруп көтөрүшүбүз керек”, — деди Зулушев.

Количество просмотров: 7599