• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткен: Барымтага алынган кыргыз жарандары кыйноого кабылганы документтештириле баштады

10 Бугу 2021 16:03 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя учурунда барымтага алынган кыргыз жарандары кыйноого кабылганы документтештириле баштады. Бул тууралуу 10-майда «Кыйноолорго каршы коалиция» уюму билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун адистери жана эксперттер алардын денесиндеги көк-аланы, ур-токмоктун издерин «Стамбул протоколунун» негизинде каттоого алып жатышат.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков билдиргендей, «Стамбул протоколу» кыйноо фактысын далилдөөчү эл аралык медициналык документ:

«Ооруканага түшкөн кишинин денесинде зомбулуктун кандайдыр бир изи бар болсо, ошону каттоо документи. Дарыгерлер ошондой бейтап түшөр замат «Стамбул протоколун» толтуруп, 24 сааттан ашырбастан укук тартибин коргоо органдарына билдириши керек».

Эксперт катары тартылган «Справедливость» уюмунун адвокаттарынын айтымында, барымтага түшкөндөр аларды тажик аскерлери үйүнөн алып кеткенин, Гафуров районунун милиция бөлүмүндө ур-токмокко алышканын айтып беришкен.

Толтурулган документтер Бириккен Улуттар Уюмунун тийиштүү комитетине жөнөтүлүп, кыйноого кабылгандардын коопсуздугун камсыз кылууга жардам суралат.

Баткендеги чек ара чырынан улам Тажикстанда барымтада кармалып турган 10 кыргызстандык 1-майда мекенине кайтарылган жана Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүшкөн.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 97