Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу мыйзамга коомчулуктун пикирин эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилип, кечээ, 3-майда, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирип, документте кандай маселелер каралганын тизмектеп берди.
Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү карайт:
— өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу-бөлүштүрүү ыйгарым укугу жана өзгөчө макам;
— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз-ара аракеттешүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.
2. Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:
— өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана көзөмөл жүргүзүүчү Координациялык кеңешти түзүү;
— жеңилдетилген каржылоо механизми;
— облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;
— Өкмөт тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү;
— товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;
— Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;
— 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.