• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Баткенде 11 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти

4 Кулжа 202115:06 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда 11 жаштагы өспүрүм кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 4-июнь күнү саат 10:59 чамасында Баткен шаарынын Батырханов чоң каналына 2010-жылы туулган кыз сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Кырсык болгон жерге 11 куткаруучу тартылган. Каза болгон кыздын жансыз денесин суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 235