• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Баткенде 2,2 млн сомдук аткезчилик жүк аныкталды

30 Кулжа 2023 16:33 Бишкек Govori.TV

Баткенде 2,2 млн сомдук аткезчилик жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар Э.Д.А.аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда, Кыргызстанга ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок айнек аныкталган.

Жүктүн жалпы салмагы 15 миң 484 кг, орточо базар баасы 2 млн 259 миң 750 сомду түзөт.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 83