Баткенде үйлөрдүн чатырын шамал учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 27-апрель күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Баткен районунун Кыштут айылында 3 турак үй, 2 сарай,1 гараждын шиферин шамал учуруп кеткен.
Жерине Баткен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү жумуш алып барууда.