• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Баткенде эвакуацияланган үч келин көз жарды, арасында эгиздер бар

3 Бугу 2021 9:25 Бишкек Govori.TV

Баткен районунан Кадамжайга эвакуация болгон үч аял көз жарды. Бул тууралуу Венера Нусуратиллаевна кабарлады. Анын арасында эгиздер бар экени айтылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ымыркайлардын жана энелердин абалдары туруктуу.

«Эвакуация болгондордун арасынан төрт келин биздин төрөт үйүнө түшкөн. Алардын ичинен үчөө көз жарды. Бир келин эгиз төрөдү. Учурда энелердин дагы, балдардын дагы ден соолугу жакшы. Ымыркайлардын салмагы нормада», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 150