• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган курулуш компаниясына иш козголду

16 Кулжа 2023 13:13 Бишкек Govori.TV

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук башкармалыгына арыз менен кайрылышып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстандын аймагында куралдуу кол салуусу учурунда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясына мыйзамдуу чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн. Анткени аталган компания жалпы 5 млн 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын бербей койгон.

Бул факты боюнча 2023-жылдын май айында Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексиинин 209-беренесинин 3-бөлүмүндө («Алдамчылык») көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н шектүү катары суракка алынып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Количество просмотров: 123