Баткендеги катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-августта кечки саат 20:00дөр чамасында катуу шамалдын кесепетинен Баткен шаарынын Садыков көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу үйдүн чатырынын 1 бөлүгү учуп, телефон чубалгысына түшкөндүгү туралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан алты куткаруучу тартылып, илинип калган чатырды түшүрүп, коопсуз жайга алып беришкен.
Кырсыктан жабыркагандар жок.