• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде курулуш эрежесин бузган компанияга айып салынды

12 Жалган куран 202611:58 Бишкек Govori.TV

Баткен районунда таза суу долбоорун ишке ашырууда техникалык регламенттерди сактабагандыгы үчүн курулуш компаниясына айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Инженерная Защита» ЖЧКсы курулуш иштеринин негизги этаптарын тиешелүү тартипте кабыл алып, тапшырган эмес. Бул аракеттер курулуш процессиндеги коопсуздук жана сапат талаптарынын бузулушу катары бааланды.

Натыйжада компанияга карата тиешелүү акт түзүлүп, техникалык регламентти бузгандыгы үчүн ишканага 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Количество просмотров: 156