Баткенде чек ара чырында каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын сөөгү 30-апрелде жерге берилди. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.
Мадина Рахматжанова ооруканага жетпей көз жумган. Апасын жана 11 жаштагы сиңдиси Нурдиананы алгач Исфанадагы Лейлек райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырышкан. Абалы оор болгондуктан экөөнү тең Бишкекке которушкан.
Мадинанын үй-бүлөсү чек арадагы Лейлек районунун Интернационал айылында жашайт. Кечээки чырда алар үй-бүлөсү менен коңшу айылга качып бара жатышкан.