• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде сууга чөккөн баланын сөөгү 4 күндөн кийин табылды

18 Бугу 2023 15:25 Бишкек Govori.TV

Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына чөккөн экинчи баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалым болгондой, 14-май күнү кечки саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Издөө иштеринин натыйжасында 15-май күнү саат 08:35те 2009-ж.т. Д. М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.

Ал эми 2006-жылы туулган М.А. аттуу экинчи баланы издөөгө бүгүн, 18-май күнү ӨКМден 36 куткаруучу тартылып, саат 14:14тө Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан аталган жарандын сөөгү табылды.

Количество просмотров: 43