• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткенде тоноочулукка шектүү кармалды

21 Бугу 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыяда 16 жаштагы баланын телефонун коркутуп тартып алган шектүү кармалды. Бул тууралу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун 16 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анда бейтааныш жигит Apple iPhone 6 үлгүсүндөгү телефонун коркутуп тартып алгандыгын билдирген.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-берененин («тоноочулук») негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 16 жаштагы У.С. аттуу тургуну кармалган. Уурдалган уюлдук телефону ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 183