• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Баткенде жарандардын жоголгон документтери акысыз даярдалат

3 Бугу 202114:10 Бишкек Govori.TV

 Баткен облусунда жарандардын жоголгон документтери акысыз даярдалат. Бул тууралуу бүгүн, Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

«Документтериңер күйүп кетсе, жоголуп кетсе, айрылып калса эч камсанабай биздин кызматкерлерди күтүп туруңуздар. Алар сиздерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу барып, катташат. Биз башка мамлекеттик органдардай эле бир күндүк маянабызды которуп жардам берели деп жатканбыз, бирок биз тамак-аш, кийим-кече, баарын жеткирип жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан айлыгыбыздан сиздердин документтерге кеткен чыгымдарга жумшайлы деп өкмөттөн уруксат сурап жатабыз. Жоголгон, күйүп кеткен документтериңерди Мамлекеттик каттоо кызматы акысыз жасап берет», -деди Мамбеталаиев.

Количество просмотров: 92