• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде жер титирөө катталды

23 Кулжа 202311:21 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 23-июнда саат 07:51де катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Жаңы-Коргон жана Тескей айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Количество просмотров: 130