Баткен облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-октябрда саат 11:23тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
«Жердин силкинүүсү Кадамжай районунун Кожо, Үч-Коргон айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.