• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткендеги журналисттин өлүмүнө байланыштуу блогер кармалды

28 Жалган куран 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Баткендеги журналисттин өлүмүнө байланыштуу блогер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 25-мартында Баткен шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Арзыгүл Галымбетова Баткен ОИИБне келип “Батма-бат” ютуб каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен ОИИБнын маалыматтардын электрондук журналына катталган.

«Ошол эле күнү тактап айтканда 25-март күнү арыздануучу чыр-чатактан соң, ден соолугу начарлап саат 20.00дөр чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болуп калат.

Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын тургуну 33 жаштагы тургуну Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1045