• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форумунда бир катар документтерге кол коюлду

14 Тогуздун айы 2021 17:44 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форуму өттү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, бизнестин, бизнес-омбудсмен институтунун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, аталган форум – Баткен облусунда жогорку деңгээлде өтүп жаткан алгачкы иш-чара болуп саналат, анын максаты облустун ишкерлик потенциалын ачуу, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү аймакка аркылуу инвестиция тартуу, өз кезегинде бул жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана кызмат кылбастан, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүндүк берди.

Форумдун ишинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен «Ихсан Азия Глобал Строй Ипотекалык Компаниясы» ачык акционердик коомунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен «МЕГА ДЖЕК» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы 4 багыт боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум:

1) «Лейлек районунун Арка айылында парк зонасынын курулушу» долбоору;

2) «Лейлек районунун Арка айылында логистикалык борбордун курулушу» долбоору;

3) «Баткен шаарындагы мейманкананын курулушу» долбоору;

4) Кызыл-Кыя шаарындагы парк зонасын реконструкциялоо долбоору;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен «Ак-Буура Групп» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги менен «Шампанвинкомбинат» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору мамлекеттик мекемеси, Лейлек районунун Сүмбүл айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана «Т. Ибрагимов» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

– Баткен мэриясы жана Түркиянын Палаталар жана товардык биржа союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана NEFTAN компаниясы ортосунда агроөнөр жай паркын түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана «Mak Fidanchilik» компаниясы ортосунда Баткен облусун сапаттуу көчөттөр менен камсыздоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Ошондой эле коноктор үчүн айыл чарба көргөзмөсү уюштурулуп, анда Баткен облусунда өндүрүлгөн продукциянын бардык түрү сунушталды.

Количество просмотров: 81