• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткендик окуучулар эл аралык сынакта алдыңкы орунду ээледи

18 Чын куран 2023 18:02 Бишкек Govori.TV

Баткен райондук балдар музыкалык мектебинин Фортепиано классынын окуучулары Асель Жоробаева жана Ырысбүбү Рахманова Казакстан Республикасында өткөн IV Эл аралык көп жанрдуу «Creative Palette» кароо-сынагында II даражадагы диплом менен сыйланышты.

Сынак онлайн форматында өттү. Катышуучулар В.А.Моцарттын №40 соль минор симфониясынын 1-бөлүгүн аткарышкан. Эл аралык сынакта алдыңкы орунду багындырган Асель Жоробаева менен Ырысбүбү Рахманова Баткен райондук балдар музыкалык мектебинде эмгектенген Орозгүл Камчыбекованын окуучулары. Аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары буга чейин да түрдүү сынактарда ийгиликтерди жаратып келишкен. 

Количество просмотров: 123