• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткенге өзгөчө макам ыйгаруу маселеси каралып жатат

3 Бугу 2021 9:21 Бишкек Govori.TV

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгаруу маселесин кароодо. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда жаткан Баткен окуяларынын жүрүшүндө жабыркагандардан кабар алганы барганда айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, премьер-министр жабыркаган жарандар менен маектешип, бийлик тарабынан чек ара маселесин чечүү үчүн жасалып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

«Өлкө жетекчилиги жабыркагандарга бардык тийиштүү көмөк көрсөтүп, жолдорду, мектептерди, жарандардын талкаланган үйлөрүн калыбына келтирет. Өкмөт Баткенге өзгөчө статус ыйгаруу маселесин кароодо. Учурда эң негизгиси — чыр-чатакты ырбатпастан, көйгөйдү чечип алышыбыз керек, — деди Марипов.

Количество просмотров: 100