• Жума 15 Жетинин айы 2019

Батукаевдин карындашы суракка алынды

17 октября 2019 в 9:56 Бишкек Govori.TV

Россияда кримтөбөл Азиз Батукаевдин карындашы суракка алынды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Govori.TVга билдирди.

Анын айтымына караганда, Яха Батукаева тергөөдө бир тууганына Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө кандайча жардамдашкандыгын айтып берген.

Яха Батукаева көрсөтмө берип жатканда Алмазбек Атамбаевдин ысымы аталган жок. Ошондой эле кыргызстандык саясатчылардын ичинен эч кимисинин мыйзамга каршы жасаган иштери боюнча айткан жок, — деп билдирди жактоочу.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча өткөн соттун баштапкы уктурууларына Атамбаев келүүдөн баш тартып, “соттук алдын ала уктурууну менсиз эле өткөргүлө”,- деген кат жазган. Натыйжада, отурумду ансыз өткөрүү чечими кабыл алынган. Кийинки күнү Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук угуулар жыйынтыкталып, алгачкы отурум 15-ноябрга белгиленген.

Количество просмотров: 219