• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары алмашты

15 Кулжа 202116:50 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп Кыялбек Мукашев дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка бүгүн, 15-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров бүгүн Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жетекчинин жаңы орун басарын тааныштырды.

Мукашев буга чейин каржы министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Количество просмотров: 96