• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бейбаштык кол салуудан улам УКМКнын кызматкери каза болду

21 Кулжа 202115:31 Бишкек Govori.TV

Бейбаштык кол салуудан улам УКМКнын кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызмат кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерине топтолгон жаш балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды.

«Кыргыз Республикасынын УКМК каза болгон Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздар менен тең бөлүшөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 613