• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бейшеналиев: Министр болбогонумда Исманкуловду өзүм сүйрөп чыкмакмын

10 Жалган куран 2022 17:00 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер Алмазбек Исманкулов жетектеген Көздүн микрохирургиялык ооруканасын бошотуу талабы жөнүндө GovoriTVга комментарий берди.

Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору менен түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылганын белгиледи.

«1998-жылдан бери Исманкуловдун клиникасы ижара акысына арзыбаган акча төлөп, келишимди узартып келишкен. Мен министр болуп келгенде аны улантуудан баш тарткам. Кийин Бишкек шаарынын бир вице-мэри кол коюп бериптир, аны сотко бердик. Ал эми Алмаз Исманкулов 2024-жылга чейин келишими бар экенин айтып чыкты. Шаардык кеңештин жыйынында келишимди жокко чыгардык, мэр кол коюп берди. Биз ошол жокко чыгарылган документти көргөздүк. Негизи 10 күндүн ичинде имаратты бошотуп чыгып кетиши керек. Биз жабдыктарын алсын деген максатта бир ай убакыт бердик. Убакыт мөөнөтү бүткөндөн кийин барган башкы дарыгерлерге «колуңардан келгенин кылгыла» деген экен. Исманкулов жетектеген клиникага бүгүн бардым, өзүн дагы келсин деп чакыргам. Бирок мага жолукпай койду, мүнөзүмдү билип жатат. Анан телефон аркылуу байланышып, үч сааттын ичинде бошотуп чыгып кетүүсүн талап кылдым. Ооруканага атайы күзөтчүлөрдү коюп, имаратты кайтаруу буйругун бердим. Эртең, бүрсүгүнү байкайбыз, болбосо ичиндеги жабдыктарды эшикке чыгаруу менен акт түзөбүз. Ал эми Исманкулов баардык жерде суудан кургак чыгат. Министр болбогонумда Исманкуловду өзүм сүйрөп чыкмакмын»,-деди ал.

Количество просмотров: 5086