• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бек Борбиев:»Кылыч,бул жактагы «шефиңди» дагы чакырып ал, өлкө тазара түшсүн»

13 Тогуздун айы 2018 12:28 Бишкек Govori.TV
  • Бишкек.13.10.2018. Govori.TV

Ырчы Бек Борбиев өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалдар боюнча үн катып, Facbook баракчасына өз оюн жазып чыкты. Ал Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп иштеп, учурда ал кызматтан бошотулган Кылычбек Султандын акыркы учурлардагы кылык-жоруктарын шоу деп атап, аны Кыргызстанды уят кылып жатканын сөз кылган.

«Башка мамлекеттен саясий башпаанек алыш үчүн, өлкөдөгү бийлик менен аёсуз күрөшкөн оппозиционер болушуң керек! Кантип чындык үчүн күрөшкөн оппозиционер болуп көрүнөм деп, бирөө жакындан бери «шоу» көрсөтүп жатат.. Кылыч Султан деген азаматыбыз, Садыр Жапаровдун түрмөдө отурганын кечээ билип, анын эркиндике чыгуусун дароо талап кылды. Клоун болбосон коё кал! Атамбаев, Садырды камап жатканда неге унчукпай турдуң?..Түрмөдө бычактап чала жан кылып койгондо неге бир сөз айткан жоксуң..? Өзүң айтпасан да,гезитиң аркылуу бир сөз айтып койсоң, азыркы кылып аткан «цирк» окшошот беле дейм да..
Атамбаевдин кадр саясаты канчалык «оорулуу» болгонун, ушул окуя далилдеди. Кылыч Султандын акыркы сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери, жазган посттору психика жактан адекваттуу эмес, аябай эле өнүккөн (отклонениясы) бар адам экени даана байкалып турат. Эл аралык денгээлде Кыргызстанды уят кылды. Көп сөз айтканда не, баарын көрүп турасыздар!
Оорулуу бийликтин заманы өттү деген жакшы тилектер менен жашай берели достор!

Ал эми Кылыч, канча жылдан бери Малайзияга акчаларын алып чыгып, чыкыйтып бизнестерин куруп даярдап коюптур, баарыбир кетмек экен. Бир гана ал жактын жарандыгы керек болчу тура. Ошол жарандык үчүн кылган шоуларын ийгиликтүү аяктап, ой максатыңа жетип ал!
P. S. Кылыч, бул жактагы «шефиңди» дагы чакырып алсан, өлкө тазара түшөт эле..» — деп жазган Бек Борбиев.

Эскерте кетсек, кечээ 12-октябрда элчи ээлеген кызматынан бошотулган. Ал кызматынан кол жууру менен азыркы бийликти тааныбасын айтып, чет өлкөдөн башпаанек сураарын жар салган эле.

Количество просмотров: 25