• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бекешев: Бир мандаттуу система менен шайлоого барган адам бай же популярдуу болуш керек

8 Аяк оона 2021 15:53 Бишкек Govori.TV

Бир мандаттуу система менен шайлоого барган адам бай же популярдуу болуш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

«Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Депутаттардын кимиси партиялык, кимиси бир мандаттуу округдан шайланып келери белгисиз. Бирок партиялык тизме аркылуу шайлоого баруу жаштар менен аялдар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Себеби аялдардын 30% квотасы бар. Бир мандаттуу система менен шайлоого барган адам бай же популярдуу болуш керек»,-деди Бекешев.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде кабыл алынган мыйзамга ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланат.

Количество просмотров: 295