• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бекешев: Экономика боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланса, ишкерлерге таасири тийет

20 Тогуздун айы 2021 16:41 Бишкек Govori.TV

Экономика боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланса, ишкерлерге таасири тийет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Министрлер кабинети экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзамын оңдоп-түзөөлөрдөн кийин кайрадан парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине киргизди.

«Бул жерде 12 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Министрлер кабинети мамлекеттик сатып алуулар, товарларды ташып келүү, каттоо, насыяларды тейлөө, төлөө, бюджеттик насыяларды реструктуризициялоо, тарифтик саясатты өзгөртүү жана башка иштерде ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мен буга каршы болуп жатам»,-деди Бекешев.

Эске салсак, Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзамды быйыл жайда сунуштаган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең жактырылып, президенттин кароосуна киргизилген. Кийин президент айрым нерселерди оңдоону талап кылып мыйзамды артка кайтарган.

Количество просмотров: 127