• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бекешев: Кыргыз-тажик чек арасын 1924-1927-жылдардагы документтин негизинде аныктоо туура эмес

6 Бугу 2021 17:44 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасын 1924-1927-жылдардагы документтин негизинде аныктоо туура эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

«Тажик тарап чек арасындагы тилкелерди 1924-1927-жылдардагы документтерди эске алуу менен аныктоону сунуштап жатат. Менин билишимче биз бул сунушка дайым каршы болуп келгенбиз. Кыргызстан болсо 1958-жылдагы тең укуктуу комиссиянын материалдарын эске алуу зарыл деп жатабыз»,-деди Бекешев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Министрлер кабинети чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен биргелешкен билдирүүсүн жарыялаган.

Биргелешкен билдирүүгө ылайык, тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын №43 чек ара аймагынан тарта №61 чек ара аймагына чейинки, №135 чек ара аймагынан тарта №141 аймакка чейинки тилкеси боюнча долбоордук сызык үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү боюнча жана паритеттик комиссиянын 1989-жылдагы документтерин пайдаланууну чечишти. Ал эми топографиялык жумушчу топко 2021-жылдын 5-майынан 9-майына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы аталган аймактардагы долбоордук сызыкты сүрөттөө тапшырмасы берилди.

Муну менен бирге эки тараптын жумушчу тобу 2021-жылдын 17-майына чейин Кыргызстандын Лейлек районундагы Лейлек Максат, Кулунду калктуу пункттары, Баткен районундагы Көк-Төш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдары, Тажикстандын Бабаджан Гафуров районундагы Овчи Калача аймагы, Исфара шаарындагы Чоркух, Сомониён, Ходжаи Аъло айылдары боюнча мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгы жана топографиялык иштерди жүргүзүүнү баштайт.

Эки тарап Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашкан. Капчыгай (Танги) айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат. Жол Кыргызстан менен Тажикстандын эсебинен курулат, ал эми автожолдун макамы эки өлкөнүн өзүнчө мамлекеттик макулдашуусу менен аныкталат.

Количество просмотров: 664