• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бекешев: Президент Жапаров «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамын колдобош керек

21 Кулжа 2021 16:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды колдобош керек. мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

«Аталган мыйзам долбоору Садыр Жапаровдуку эмес, мурунку бийликтики. Бул мыйзамды биздин жаңы президент Жапаров колдобошу керек. Анткени “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам бир топ көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Интернеттеги чын-төгүнү белгисиз маалыматтарды мамлекеттик орган кантип аныктайт? Менин пикирим боюнча, туура эмес мыйзам. Ачыгын айтсам менин депутат кесиптештеримдин көпчүлүгү социалдык тармактардагы фейк жана троллдорду жоопко тартуу демилгесин көтөрүп жатышат. Таң калычтуусу кээ бир эл өкүлдөрү ошол эле троллдор-фабрикасы жана интернеттеги фейк-​аккаунттар аркылуу шайлоого барышкан»,-деди депутат Бекешев.

Эске салсак, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган. Демилгенин автору Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан «фейктерге» каршы багытталганын айткан. Бирок долбоор өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган.

Количество просмотров: 254