• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бекешев: Шайлоолорду өзгөрткөн жаңы мыйзамда кемчиликтер бар

10 Кулжа 2021 15:54 Бишкек Govori.TV

“Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор президенттин расмий сайтына илинди. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шайлоолорду өзгөрткөн жаңы мыйзамда артыкчылыктар менен катар кемчиликтер дагы бар экенин айтат.

«Жаңы мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90 боло турганы көрсөтүлгөн. 55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча партиялык тизме аркылуу шайланып келет. 35 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча шайланат. Аталган мыйзам долбоордун жакшы нормалары бар. Мисалы, домкомдор менен кварталдык комитеттер шайлоо учурунда үгүт иштерин жүргүзө албайт. Ошол эле учурда дагы кошумча нормаларды киргизүү кажет. Мурунку Баш мыйзам боюнча 120 мандат болсо, анын ичинен партия эң көп дегенде 65 мандат болчу. Азыр андай чектөөлөр жок. Ошол себептүү келген партия 55 мандаттын баарын алып алат деген коркунуч бар. Мажоритардык система боюнча талапкерлерди сунуштоо укугу саясий партияларга да берилгени туура эмес»,-деди депутат.

Количество просмотров: 140