• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бекназаров: Тажикстан менен чек ара маселесин бул бийлик чече албайт

8 Аяк оона 2022 14:07 Бишкек Govori.TV

Тажикстан менен чек ара маселесин бул бийлик чече албайт. Мындай пикирин коомдук ишмер Азимбек Бекназаров бүгүн, 8-сентябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк практика боюнча эгер чек ара маселеси чечилбесе 20 жылга калтырып коет.

«Чек ара маселеси чечилбей курч бойдон турат, айрыкча Тажикстан менен. Ошол себептен Жогорку Кеңешке эскертет элем: тез арада кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасын колго алгыла! Жакында өзбек-кыргыз чек арасын алдыңарга алып келсе казинону колдогондой «ляпбай» деп кабыл алсаңар чыккынчылык кыласыңар. Өзбек-кыргыз чек арасынын 15 пайызы калган. Айрыкча Кемпир-Абад менен Орто-Токой суу сактагычы бул биздин стратегиялык обьект. Тажикстан менен чек ара маселесин бул бийлик чече албайт. Чек ара көйгөйү чечилбей калган учурда дүйнөлүк практика бар, 20 жылга чейин калтырып коет. Биз 20 жылга чейин кыргыз-тажик чек арасын калтырып коюшубуз керек. Ошондо биз 1990-жылы кандай аймагыбыз болсо ошол боюнча калабыз. Ворух анклав бойдон калат. Калган маселени 20 жылдан кийин чечишебиз. Башкача айтканда, Рахмон менен Ташиев кеткенден кийин. Башка бийлик келип чечет. Балким ага чейин жолдор ачылып калышы мүмкүн»,-деди Бекназаров.

Количество просмотров: 1105