Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, абакта 20 күндөн ашык ачкачылык кармаган Бектур Асанов Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.
Асанов өткөн жуманын соңунда №47 абактан которулган. Буга саясатчынын ачкачылыкты токтоткону себеп болду.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчынын саламаттыгына тергөө абагындагы дарыгерлер көз салып турарын маалымдады.
Буга чейин Асанов менен кошо соттолгон жана ачкачылык кармаган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жана эксперт Эрнест Карыбеков Бишкектеги тергөө абагына которулган болчу. Кийин Кадыров Молдовановкадагы №27 колонияга которулган.