• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Белгилүү актёр тасма тартуу учурунда операторду атып өлтүрүп алды

22 Тогуздун айы 2021 18:21 Бишкек Govori.TV

Белгилүү америкалык актёр Алек Болдуин Нью-Мексикодо тасма тартуу учурунда кокусунан режиссёр менен операторду атып алды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды.

Маалыматка караганда, тартуу тобу ок атуу эпизодун тартып жатышкан. Болдуин тасманын сценарийи боюнча тапанчадан ок чыгарган. Тапанчага огу жок патрондор салынышы керек болгон.

Оператор аял Галина Хатчинс оор жаракат алып, тез арада авиация менен ооруканага жөнөтүлгөн, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Ошондой эле тасманын режиссёру Жоэл Соуз да жаракат алды. Анын абалы өтө оор экени айтылууда.

Полиция бул окуя боюнча тергөө иштерин баштады. Бирок актер Алек Болдуинге азырынча айып тагыла элек. Тасма тартуу иштери токтотулду.

Количество просмотров: 9548