• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Беловодский айылында кампадан өрт чыкты

23 Бештин айы 202216:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-декабрда таңгаа маал Москва районунуна караштуу Беловодский айылынын Шолохов көчөсүндө жайгашкан азык-түлүк сактоочу кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билдирүүдөн улам өрт кырсыгы катталган аймакка Москва райондук №15 өрткө каршы бөлүмдөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо 04:45те чектөөгө алынып, 06:10до толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен кампанын ичиндеги боёк куюлган бочкалар, дизелдик кыймылдаткычтар (мотор) жана жыгач материал күйүп, жалпысынан 100 чарчы метр жер өрттөндү.

Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда, жабыркагандар жок

Количество просмотров: 127