• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бийик тоолуу ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

24 Жалган куран 2023 12:05 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күндүн жылышына байланыштуу ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2023-жылдын 24-мартынан 27-мартына чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чак. (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чак. (Сөөк ашуусу), 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Белгиленгендей, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 55