• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бийлик күчүн Атамбаевдин тарапташтарына эмес, коопсуздукту сакташ үчүн коротуш керек

17 Аяк оона 2019 15:55 Бишкек Govori.TV

Бугүн, 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев атасы менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Атамбаев жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялар аны катуу тынчсыздандырып жатканын айткан. Андан тышкары, мурдагы президент бийлик күчүн Атамбаевдин тарапташтарына эмес коопсуздукту сакташ үчүн кортуш керектигин билдирген.

Биз апам экөөбүз атамды туулган күнү менен куттуктадык. Атам мурдагыдай эле духта жана абалы жакшы. Биз ага акыркы маалыматтарды айтып бердик, жакында мен ага берип жибере турган китептердин тизмесин талкууладык. Алмазбек Шаршенович өзүнүн бардык тарапташтарына жана командасынын мүчөлөрүнө ысык салам айтты, деп жазды Кадыр Атамбаев.

Количество просмотров: 45