• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Билим берүү министри Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

29 Тогуздун айы 2020 18:32 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, талкуунун негизги темасы Пакистан медициналык кеңешинин Кыргызстандагы медицина тармагынын адистерин даярдаган ЖОЖдорду “кара тизмеге” киргизүүсү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы абалга алып келген жагдайлар, ошондой эле азыркы маселени тез арада чечүү жолдору талкууланды. Министр Бейшеналиев мындан ары ЖОЖдорго министрлик тарабынан жаңы талаптар коюлаарын белгилеген.

Ошондой эле жолугушууда билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташуу дагы талкууланган.

Эске салсак, буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган.

Количество просмотров: 443