• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бильярдчы Сагынбаев аялга кол көтөргөнбү? Милиция окуя тууралуу маалымат берди

4 Жалган куран 2022 15:39 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев аялга кол көтөргөнү айтылган маалыматтар тарап, окуянын видеосу жарыяланган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 15-январында  Г.С. аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын 15-январында саат 08:00 чамасында Юнусалиева көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, оозеки айтышуудан улам денесине залал келтирген адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факты Октябрь РИИБде катоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө тергөө аракеттери үчүн кылмышка катыштыгы бар 1985-жылы туулган С.К. аттуу жаран алынып келинген, андан соң ал жоопкерчилик алдында бошотулган.

Алынган дене жаракаттары боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусу боюнча жалпысынан ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келген жеңил жаракат катары бааланган.

Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.

Окуянын видеосун «oppa_kg» баракчасы жарыялаган.

Количество просмотров: 2506