Кыргызстанда 557миң 856 жаран 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.
Шайлдабекованын айтымында, алар биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктан шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок.
«Өлкөдө 18 жаштан өткөн 4 081 410 жарандын 557 856сы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт»,-деди БШКнын төрайымы.
Кошумчалай кетсек, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда аяктайт.