Бир Бол фракциясы шайлоого өзү барат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, алдыдагы шайлоодо фракциянын катары жаштар менен кеңейтилет.
Биз буюрса алдыдагы шайлоого даярбыз. Фракцияда отурган бүгүнкү депутаттар менен гана чектелбестен, катарыбыз көптөгөн жаштар менен кеңейет. Ал эми саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөр болгон жок. Башка партиялар менен кошулбайбыз, бирок биздин эшик жаштар үчүн дайыма ачык,-деди депутат.