• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бир эле шайлоочу бир нече бюллетендерди электрондук кутучага салып жаткан видео боюнча ИИМ үн катты

11 Чын куран 2021 14:55 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 11-апрель күнү саат 13төр чамасында Клооп сайты өзүнүн фейсбук баракчасына референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо №8077 шайлоо участкасынан 1 эле шайлоочу бир канча бюллетендерди электрондук кутучасына салып жаткан видеосу жарыялаган.

ИИМдин басма сөз кызматы бул факты Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып,
текшерүү иштери жүрө башталганын билдирди.

«Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул видео Баткен районунун Бужум айылындагы №8077 шайлоо участкасында тартылгандыгы, электрондук кутуча шайлоо бюллетенин кабыл албай койгондо, экинчи шайлоочу кабыл алынбаган бюллетенди өзүнүн бюллетенине кошуп электрондук кутучага салып жаткандыгы белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 154