Кыргызстанда бир сутка ичинде 48 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 5-июнда билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1340 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
«Акыркы сутка ичинде Бишкек шаарынан 7, Нарын облусунан 29, Ош облусунан 2, Ош шаарынан 9, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыкты»,-деди Үсөнбаев.