Бир сутка ичинде 89 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Үсөнбаев айтымында, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.
«Бишкек шаарынан 15, Чүй облусунан 59, Нарын облусунан 13, Жалал-Абад облусунан 1, Ош шаарынан 1, бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Кошумчалай кетсек, республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1572 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.