Бир жумада мас абалында унаа башкарган 53 айдоочу кармалды
Бир жумада мас абалында унаа башкарган 53 айдоочу кармалды
8 Баш оона 2022 11:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек шаарынын аймагында 29-июлдан 4-августка чейинки аралыкта 3 миң 606 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
мас абалында унаа башкаруу — 53;
терезесин караңгылатып айдоо — 2;
тиешелүү документи жок рулга отуруу — 25;
жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар — 542;
коопсуздук куру жок унаа башкаруу — 709;
башка эреже бузуулар — 1 миң 781. Ар кандай эреже бузган 494 автоунаа айып короосуна токтотулган.