• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Биримдик» партиясы эл берген 100 тонна картошканы энчилеп алып, өз атынан таратып жатабы?

28 Чын куран 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун эли гуманитардык жардам катарында Бишкек шаарына жөнөткөн 100 тонна картошканы «Биримдик партиясы өз атынан таратып жатат» деген маалыматты картошка тараткан айдоочулардын бири билдиргенин «Беспредел KG» фейсбуктагы социалдык баракчасына жарыялады. 

Анда Бишкектин 4 районуна 25 тонна картошка таратылып, социалдык мекемелерге жеткирилгени жазылган.

«Ар бир айдоочуга «Биримдик» партиясынын логотибин берип, аны машинанын алдыӊкы терезесине чаптоону буйрушту. Гуманитардык жардам алуучу ар бир адамга картошка «Биримдик» партиясынан келип жатат деп айтууну суранышты. Портер айдоочуларды Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Уланович көзөмөлдөдү», -деп жазылат маалыматта.

«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловго байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми аталган партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, депутат Айнуру Алтыбаева бул маалыматтан кабары жок экенин айтып, социалдык тармактарда тарап жаткан билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.

Теги:
Количество просмотров: 625