• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Биринчи Май райондук салык кызматынын башчысы камалды

31 Жалган куран 2021 12:42 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгында жеке ишкерлерден пара алгандыгы үчүн туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын фискалдык органдардагы коррупцияны жоюу боюнча пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгында туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Такталгандай, Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы «Б.Т.Т.», мыйзамсыз каржылык жактан байыууга багытталган, кол алдындагы кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алышып, алардын компетенциясына кирген маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча алуу түрүндө коррупциялык схема түзүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден системалуу түрдө пара алуу жана аталган салык кызматынын инспекторлору менен башчынын ортосунда бөлүштүрүү фактылары катталды.

2021-жылдын 30-мартында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде аталган «Б.Т.Т.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, опузалап пара талап кылуу жана ишкердик субъекттеринен пара алуу сыяктуу коррупциялык схемалар салык кызматынын башка аймактык бөлүмдөрүндө дагы орун алып, бул жалпы мамлекеттик башкарууга көлөкөсүн түшүрүп, ички инвестициялардын кетип калышына алып келүүдө.

Буга байланыштуу УКМК көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз иш аракеттер болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коомдук кабылдамасынын 660020 номерине, же Whatsapp 0501660020 ишеним телефонуна кайрылууну өтүнөт.

Количество просмотров: 348