• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Биринчи вице-премьер-министр: Элет турмушу оңолду, айылда эшек минген киши жок

14 Үчтүн айы 2020 17:22 Бишкек Govori.TV

Элет турмушу оңолду, айылда эшек минген киши жок. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында суроолорго жооп берип жатып айтканын “Элдик медиа” жазды.

“Мурда чогулуштарга айыл тургундары ат, эшек минип келсе, учурда жыйындарга дээрлик бардыгы автоунаа менен келип калышты. Демек бул айыл элинин жашоосу оңолгондугунан кабар берет»,- деген Боронов.

Ал арада интернетке 2019-жылдын декабрь айында тартылган видео чыккан. Анда Өзгөн районунун Зергер айылынын окуучулары мектепке коомдук унаа катары эшекти минип келишкени айтылат.

К. Боронов: “Айыл турмушу оңолду, айылда эшек минген киши жок ”

К. Боронов: “Айыл турмушу оңолду, айылда эшек минген киши жок ”

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Вторник, 14 января 2020 г.
Количество просмотров: 405